Жаңылыктар
УКМК Орозайым Нарматова тууралуу түшүндүрмө берди
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК Орозайым Нарматова тууралуу түшүндүрмө берди

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы Жалал-Абад мамлекеттик университетине мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча аталган окуу жайдын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. 

Коомчулукта жана социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын суракка чакырылганы кызуу талкууланып жатканына байланыштуу, УКМК анын чакырылуу себептерин коомчулукка төмөндөгүчө маалымдайт. Улуттук коопсуздук органдарына Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда, Орозайым Нарматованы 2013-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 3-курсуна орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун негизинде мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча маалымат келип түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматовага ЖАМУга тапшыруу үчүн жасалма диплом берүү ыктымалдыгы тууралуу да маалымат болгон. 

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө ЖАМУдагы Орозайым Нарматованын өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок экендиги аныкталган, бул анын окууга кабыл алынуусунун жана жогорку билими жөнүндө диплом алуусу мыйзамсыз экендигин күбөлөндүрөт. Мындан тышкары, тергөө учурунда ЖАМУда жеке сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Нарматова Кыргызстанда эмес, Россияда болгону аныкталды. 

Демек, Нарматова Москва шаарында жүргөндө экзамендерди тапшыра алмак эмес, бул дагы ЖАМУнун жооптуу адамдары тарабынан жогорку билими жөнүндө диплом берүү мыйзамсыз экендигинен кабар берет. Ошол себептен, Орозайым Нарматова жогоруда аталган кылмыш иши боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүү үчүн күбө катары суракка чакырылып, анын жыйынтыгында ЖАМУга окууга кабыл алуу жана жогорку билими жөнүндө диплом берүү фактыларына юридикалык баа берилмекчи.