Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев калаадагы эң чоң Калкты тейлөө борборунун ишин пландан тышкары текшерди.
Борбордун иши менен таанышып, анда иштебей турган бөлүмдөргө күбө болду. Эске салсак, борбор былтыр апрель айында ачылып, Ибраимов-Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Анда жарандар Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан бериле турган отуздан ашык документтерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан сырткары нотариалдык кызмат көрсөтүлүп, юридикалык кеңештер берилет.
“Мында 9 мамлекеттик мекеме жана 3 банктын кеңселери ачылган. Бирок өзүңүздөр көрүп тургандай көп мекемелер иштебей турат. Бул боюнча жетекчилерге сөгүш жарыялайбыз. Борбор жакшы иштесе, өлкө боюнча ачуу планыбыз бар. Бирок бул жай дагы текшерүүгө алынат. 9 мекемеден үчү гана иштеп жатат, сөз түрдө чара көрүлөт. Буга чейин борбордун иши боюнча сураштырдым, бирок даттануулар көп болду. Ошол себептен текшерүүгө алдык. Эми бул жактын ишин өз көзөмөлүмө алам”,- деп билдирди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев.