"Кумтөр" кенинде алтынды бөлүп алуу иши жыл жыйынтыгы менен 88 пайызды түздү. Тышкы башкаруу киргизилген алгачкы эки айда бул пайыздык көрсөткүч алтымышка чейин түшүп кеткен. Азыркы учурда алтын өндүрүшү штаттык режимде иштеп жатат.
"Кумтөр" кенине узаган жылдын 17-майынан тарта сырткы башкаруу киргизилген болчу. Ошол маалда Кыргызстан өзү өндүрүштү эптеп кете алабы деген суроо көпчүлүктүн талкуусунда болгон. Азыркы тапта алтын кен кадимки тартипте иштеп жатат.