Жаңылыктар
Ички дүң өнүмдү киши башына алганда кеминде 1 жарым миң долларга жеткирүү башкы максат
Кыргызстан жаңылыктары
Ички дүң өнүмдү киши башына алганда кеминде 1 жарым миң долларга жеткирүү башкы максат

Ички дүң өнүмдү киши башына алганда кеминде 1 жарым миң долларга жеткирүү. Бул өлкөнү 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген максаттардын бири. Учурда аталган документте белгиленген экономиканы көтөрүү, кризиске каршы чаралар, социалдык маселелерди чечүү үчүн чакан жана орто бизнестерди ишке киргизүү, кошумча жумуш орундарды камсыз кылуучу логистикалык борборлорду түзүү пландалууда.

Жыл сайын экономиканын өсүшүн орточо 5 пайызга көтөрүү жана жумушсуздукту 5 пайызга чейин төмөндөтүү милдет. Ошондой эле 2026-жылга чейинки улуттук программада ИДПны киши башына алганда кеминде 1 жарым миң долларга жеткирүү пландалууда. Себеби, дүйнөнү тооруган коронавирус өзгөчө экономикага терс таасирин тийгизип, ички дүң өнүмдүн көлөмү киши башына 1224 долларды түзүп калган.