Жаңылыктар
Кыргызстандан Казакстанга барган аскерлер кайтып келди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандан Казакстанга барган аскерлер кайтып келди

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тынчтык орнотуу миссиясынын алкагында Кыргызстандан Казакстанга барган аскерлер кайтып келди. Бүгүн алар кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" посту аркылуу мекенине келишти. Аларды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тосуп алды.

Кыргыз аскерлери Алматынын 80% жылуулук, ысык суу жана колдонулган электр энергиянын бир бөлүгү менен камсыздап турган маанилүү объектти бир жума бою кайтарып турушту.