Жаңылыктар
Чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын кызыкчылыктарын коргоо
Кыргызстан жаңылыктары
Чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын кызыкчылыктарын коргоо

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандын эл аралык уюмдардагы жана башкы консулчулуктардагы элчилери жана туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен видеоконференция форматында кеңешме өткөрдү. 

Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин учурдагы милдеттерин ишке ашырууга, өлкөнүн чет жердеги мекемелеринин ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы чет өлкөлөрдө өлкө жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, чет өлкөлүк инвестицияларды, технологияларды жана билимдерди тартуу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, ата мекендик продукцияны тышкы рынокко чыгарууга көмөк көрсөтүү, туристтик агымды жогорулатуу, максаттуу экологиялык фонддордон, чет өлкөлүк өнөктөш өлкөлөрдөн, көп тараптуу финансылык институттардан эл аралык климатты каржылоону тартуу боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгына басым жасады. 

Кеңешменин жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин жана чет жердеги мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча пикир алмашуу болду. Акылбек Жапаров алардын иши үчүн ыраазычылык билдирип, алдыга коюлган максаттарга жетишүүдө ийгиликтерди каалады. 

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга чет жердеги мекемелерге коюлган милдеттерди чечүүдө көмөк көрсөтүүгө тийиштүү тапшырмалар берилди.