Министрлер Кабинети өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүү пландары менен бөлүшүп, 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында камтылганын билдирди.
Жакынкы жылдарда бийлик бир катар артыкчылыктуу курулуш иштерин жүргүзүүгө ниеттенүүдө. Алардын катарында Сары-Жаз Чаткал, Ала-Бука, Куланак, Кара-Буура гидроэнергетикалык станцияларынын курулушу бар.
"Перспективдүү ГЭСтерди куруунун артыкчылыктуулугун жана натыйжалуулугун эске алуу менен Нарын дарыясынын бассейнинин гидроэнергетикалык дараметин ачуу боюнча чаралар көрүлөт", - деп айтылат өкмөттүн маалыматында. Мындан тышкары бийлик ГЭСтердин учурдагы кубаттуулуктарын реконструкциялоону жана модернизациялоону убада кылууда.
Токтогул ГЭСиндеги төрт гидроагрегатты жана дарбазаларды оңдоону, Үч-Коргон ГЭСинин негизги жана көмөкчү жабдууларын реконструкциялоону, Ат-Башы ГЭСинин негизги энергетикалык жабдуулары, Камбар-Ата ГЭСинин экинчи гидроагрегаты оңдоп түзөөдөн өтөөрү айтылды. Өнүктүрүү программасында ошондой эле чакан жана орто өндүрүүчүлөрдөн электр энергиясын мамлекеттик кепилденген сатып алуу менен энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүү каралган.