Министрлер Кабинетинин чечими аркылуу уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен "Кыргыз индустрия" ачык акционердик коому түзүлдү.
"Кыргызиндустрия" ААК түзүлүшү инвестицияларды тартуу, эл аралык корпорациялар менен өз ара аракеттенүү, биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча чараларды ыкчам жана өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Мамлекеттин атынан жалгыз акционердин болушу жарандарга жана инвесторлорго ийгиликтүү өнүгүүгө кепилдик берет жана саясий тобокелдиктерди азайтат.
Бул компанияны түзүү келечекте бизнес жүргүзүүнүн заманбап шарттары талап кылган милдеттердин бүтүндөй комплексин чечүүгө мүмкүндүк берет, мисалга, оперативдүү башкаруунун натыйжалуулугун, бизнестин инвестициялык жагымдуулугун жогорулатып, өндүрүштүк чыгымдарды төмөндөтүү менен тобокелдиктерди башкарууга мүмкүндүк берет.
Мындай компанияны түзүүнүн негизги милдеттеринин бири жылдык жана кварталдык отчёт берүү аркылуу туунду ишканалардын ишинен жана өзүнүн ишмердүүлүгүнөн алынган финансылык ресурстарды натыйжалуу жана ачык бөлүштүрүү болот.
Буга чейин уставдык капиталы 1 млрд сом болгон "Кыргыз индустрия" компаниясын түзүү чечими Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынган.
Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.