Жаңылыктар
Тоо-кен компаниялардан түшүүчү каражаттарды региондорду өнүктүрүү фонддоруна бөлүштүрүү ачык жүрөт
Кыргызстан жаңылыктары
Тоо-кен компаниялардан түшүүчү каражаттарды региондорду өнүктүрүү фонддоруна бөлүштүрүү ачык жүрөт

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселеси жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу алкагында аймактарды өнүктүрүү фонддоруна тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү боюнча маалыматты «Ачык бюджет» – budget.okmot.kg порталына жайгаштыруу боюнча иш жүргүзүлдү.

Эми өлкөнүн ар бир жараны тоо-кен компанияларынан аймактарды өнүктүрүү фонддоруна түшүүчү каражаттар кайда, качан жана канча өлчөмдө жумшалып жаткандыгын онлайн режимде көрө алат.

Эске салсак, аймактарды өнүктүрүү фонддору жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүүнү жана күтүүнү каржылоо үчүн ачылган.

Белгилей кетсек, жүргүзүлүп жаткан иштердин негизги максаты - тоо-кен ишканаларынан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, натыйжада, алардын пайдаланылышына жарандык көзөмөл орнотуу болуп саналат.