Бишкек шаардык мэриясы ата-энелерди балдарында курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциянын белгилери байкалса же алар байланышта болгондордон болсо, мектепке жана бала бакчага жибербөөгө чакырат.
"Эгерде сиздин балаңыз ооруп калса, тезинен дарыгер чакырыңыз. Үй-бүлө мүчөлөрү карантинди сактаган учурда окуучу же бала бакчага барган бала коронавирусту алып жүрүүчү болушу мүмкүн жана өзү билбестен айланасындагыларга жугузуусу ыктымал экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Урматтуу шаар тургундары! Карантин режимин сактоону суранабыз, эгерде ооруп жаткан болсоңуз, жумушка чыкпай, бет кап тагынып, колду тез-тез жууп же антисептик колдонуңуз жана эмдөөдөн өтүңүз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга этият болуңуз", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.