Ошто балдар арасында сасык тумоо менен өпкөсү кагынгандар көбөйүүдө. Адистер буга, мезгилдүү респиратордук инфекция менен туруксуз аба ырайы таасир этип жатканын белгилейт.
Азыркы тапта, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында дарылынап жаткан 500дөн ашык баланын теңи сасык тумоого кабылгандар. Ал эми, ар күнү түшкө чейин аталган ооруканада орун алган жарандардын көптүгүн мекеменин жетекчилиги, балдарды коштоп келген коштоочулардын көптүгү менен түшүндүрүүдө. Оорукана Ош облусунун аймагындагы 7 райондон сырткары, Жалал-Абад, Баткен облустарын да тейлейт.
Айрым учурда, ата-энелер тараптан дарыгерлерге кол көтөргөн учурлар да катталган. Буга байланыштуу, мекеме кошумча күзөтчү кызматын киргизген. Окуу процесси башталгандыгына байланыштуу балдар арасында оору дагы көбөйүшү ыктымалдыгын айткан дарыгерлер, жарандарга санитардык талапты тыкыр сактоону дагы бир ирет эскертүүдө.