Жаңылыктар
Кыргызстандын тышкы карызы азайды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын тышкы карызы азайды

Кыргызстан тышкы карызынын 77 миллион долларынан, болжол менен 6 жарым миллиард сомдон кутулду. Бул туурасында Финансы министрлиги 2021-жылдын январь-ноябрь айларына карата берген маалыматында айтылат.

Ал эми ички карызы, тескерисинче, 2 миллиард 347 миллион сомго көбөйгөн. Алсак, жыл башында ички карыздын суммасы 62 миллиард сом болсо, ноябрда 64 миллиард болгон. 

Тышкы карыздын көлөмү январда 4 миллиард 221 миллион долларды түзсө, 11 айдан кийин 4 миллиард 144 миллион долларга чейин азайган. Муну азыркы курс менен улуттук валютага которгондо 352 миллиард сомдун тегерегинде болот.