Жаңылыктар
Улуттук банк дагы 70 млн доллар сатты
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банк дагы 70 млн доллар сатты

Улуттук банк валюта рыногуна 70 миллион доллар сатты. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалды. 

Белгилей кетсек, Улуттук банк буга чейин 23-ноябрда валюта базарына ири интервенция жасап, 70 млн 300 миң доллар саткан. Андан соң 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты. 2021-жылы 16 жолу интервенция жасалып, жалпы 702 миллион 950 миң доллар сатылган.