Жаңылыктар
Баткенде жашоо шарты оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде жашоо шарты оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүлдү

Баткен облусунда жашоо шарты оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына өлкө башчысы тарабынан жардам көрсөтүлдү. 

Белектер облус боюнча жалпы 25 балага берилди, алардын 22си Кызыл-Кыя шаарындагы аз камсыз болгон жана жалгыз бой энелердин балдары. Анда ар бир балага мектеп формалары, окуу куралдары жана башка кийим кечелер тапшырылган. 

Президенттин белектерин алган балдар мектепте керектүү болгон муктаждыктарын аз да болсо жеңилдеткенин айтып ыраазычылыктарын билдиришти. Белгилей кетсек, мындай белектер өлкөнүн баардык аймактарындагы аз камсыз болгон, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына берилүүдө.