Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган 36 медициналык кызматкер катталды. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Бишкекте - 20, Баткен облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Ош облусунда – 2, Чүй облусунда – 6, Талас облусунда – 1 учур катталган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 7102 учур катталган. Алардын ичинен бир суткада стационардан айыгып чыккандар катталган жок, үй карантининен 5 медициналык кызматкер илдеттен айыкты. Жалпысынан республика боюнча 6924 медициналык кызматкер коронавирус менен ооруп, айыкты.