Бишкек шаарынын мэриясы калаа тургундарынан оттон чыккан күлдү таштанды челекке ыргытпоону өтүнөт. Себеби ысык күл челектеги таштандылардын күйүп кетишине алып келүүдө. Ал натыйжада тилсиз жоого айланышы мүмкүн. Мындан улам, мэриянын Санитардык-экологиялык инспекциясы күн сайын турак жай ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, рейддерди өткөрүүдө.