Узаган жылда Баткен облусунун эли үчүн жагымдуу жаңылыктын бири - дубанга өзгөчө макамдын берилиши болду. Анын алкагында жасалчу иштер аныкталып, алгачкылардан болуп эле чек арадагы айылдарга көңүл буруу жакшырган. Маселен дээрлик көңүл сыртында калып келген социалдык объектилердин курулушу жанданган. Аны менен катар облуска инвестиция тартуу - приоритеттүү багытка айланды.