Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Бириккен Улуттар Уюму кирип келген 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялаган. Анын алкагында тоолук аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык концепциясы иштелип чыгып, 2027-жылы жогорку деңгээлдеги сегментте бизнес-форум, конференция жана "Бишкек+25" деп аталган глобалдык тоолор форуму өткөрүлүп, Бишкек декларациясы кабыл алынат деген пландар бар.