Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдиктин органдарына төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөндүгүнө байланыштуу уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылуу жолдоду. Анда өлкө башчысы уюм глобалдык өзгөрүүлөргө, пандемиянын тоскоолдуктарына карабай өзүн татыктуу көрсөтө алгандыгын, калыптануу жолун таба алгандыгын белгиледи.