Казакстандагы башаламандык Кыргызстанга таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу КМШ өлкөлөрү боюнча институттун Казакстан жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозин билдирди. Ал Казакстандагыдай окуялар Кыргызстанга караганда Өзбекстан менен Тажикстанда көбүрөөк болушу мүмкүн экенин болжолдогон. Муну жергиликтүү саясат талдоочулар дагы бышыктап, башаламандыктар артта калганын белгилешүүдө.