Кыргызстанда калктын саны былтыркы жылдын он айында 1,5% көбөйгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, январь-октябрь айларында кыргызстандыктардын саны 98 миң адамга көбөйүп, жалпысынан 6 миллион 735 миңге жетти. Калк эң көп отурукташкан аймактар – Ош, Жалал-Абал, Чүй облустары жана Бишкек шаары. Кыргызстандын 700 миңдей жараны чет мамлекеттерде эмгек миграциясында экени расмий айтылып келет, алардын көбү Орусияда.