Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору катары расмий жарыяланып, маданий борбордун эстафетасы калаанын мэрине тапшырылды. Маалыматка ылайык, мындай макам менен эми Каракол шаары 2022-жылы КМШ мамлекеттеринин маданий борбору катары өзүнүн бай тарыхын таанытат.
Эл аралык деңгээлде өтө турган иш-чаралар өз убагында жана жогорку деңгээлде өтүшүн камсыздоо максатында Маданият министрлиги комплекстүү иш-чаралар планын Каракол шаарынын мэриясы менен биргеликте алып барат. Эстафетаны кабыл алуу концерттик программа менен коштолуп, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынды.
Белгилей кетсек, 18-декабрда Айни атындагы Тажик мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында “Дүйшөмбү – КМШнын маданий борбору – 2021” жылынын жабылыш аземи жана 2022-жылга эстафетаны Каракол шаарына тапшыруу аземи өтүп, ага Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин кеңешчиси Медер Соорбеков катышкан.