Жаңылыктар
Жаңы жыл түнү Кыргызстанда 265 ымыркай төрөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жыл түнү Кыргызстанда 265 ымыркай төрөлдү

Кыргызстанда жаңы жыл түнү 265 ымыркай жарык дүйнөгө келди, алардын ичинен бирөө эгиз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын 144 – эркек, 121 – кыз. Түнкү саат 00:01де Талас облусундагы бириккен ооруканасында салмагы 3,160 кг болгон эркек бала жарык дүйнөгө келсе, Сузак районундагы (Жалал-Абад облусу) жалпы практикалык дарыгерлердин борборунда саат 00:05те салмагы 3,600 кг болгон эркек төрөлгөн.

Эң көп төрөт Жалал-Абад облусунда катталган, 64 ымыркай жарык дүйнөгө келген, Бишкек шаарында болсо 56 бала.