Кыргызстанда кымбат металлдардан жасалган зер буюмдарды импорттоо алты эсеге өскөн. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитеттен кабарлашты.
Өткөн жылдын январынан октябрына чейин 5,7 млн доллардык 19 тонна кымбат буюмдарды алып киришкен. Эң көп зер бумдары Россиядан — 13,5 тонна, Түркиядан — 4,2 тонна,
Кытайдан — 0,8 тонна, Өзбекстандан — 0,4 тонна, Индиядан — 0,1 тонна ташылган
Андан сырткары, жогорудагыларга салыштырмалуу азыраак көлөмдө Италия, АКШ жана Бириккен Араб Эмирлигинен кирген. Ал эми мурдагы жылы, тагыраагы, 2020-жылдын он айында Кыргызстанга 3 тонна кымбат зер буюмдар кирген.