1-январдан тарта жаңы салык кодекси ишке кирет. Салык кызматынан кабарлагандай, буга чейин Жогорку Кеңеш үч окууда кабыл алган жаңы кодекс Мамлекет башчысы кол койгондон кийин, жаңы жылдан баштап ишке кирет.
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүүнүн алкагында товарларды маркирлөө киргизилип, кассалык-көзөмөл машиналар этабы менен ишке киргизилип жатат. Айта кетсек, кассалык-көзөмөл машиналарды милдеттүү түрдө колдонуу талабы салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынганына карабастан иштейт. Башкача айтканда, бул эки башка документ, алардын талаптары бири-биринен көз каранды эмес.