Жаңылыктар
Руслан Казакбаев JICA кеңсесинин Кыргызстандагы жаңы жетекчисин кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Руслан Казакбаев JICA кеңсесинин Кыргызстандагы жаңы жетекчисин кабыл алды

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү катары миссиясы аяктагандыгына байланыштуу Нэмото Наоюкини, ошондой эле JICA кеңсесинин жаңы жетекчиси Кавамото Хироюкини кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана долбоорлорду илгерилетүү боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты. Министр Казакбаев Япониянын JICA агенттигинин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн жогору баалап, анын жетекчилигине Япония менен долбоорлорду илгерилетүүдөгү колдоосу жана аракети үчүн, анын ичинде аларды ишке ашырууда негизги ролду JICA ойноп жатканына ыраазычылык билдирди. 

Кыргыз тарап JICA менен айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо, кадрларды даярдоо, ошондой эле социалдык чөйрөнү жана инфраструктураны өнүктүрүү жаатында кызматташууну андан ары кеңейтүүгө кызыкдар экени баса белгиленди. Маектештердин көңүлүн санариптештирүү, жашыл экономика чөйрөсүндөгү биринчи кезекте республиканын тоолуу аймактарын жана айылдарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу аркылуу жаңы келечектүү багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүнө бурду. 

Бул контекстте тараптар “Бир айыл - бир продукт” долбоорун ишке ашырууда ийгиликтүү кызматташууну баса белгилешти жана Кыргызстандын бардык аймактарын камтуу менен аны мындан ары географиялык кеңейтүүгө умтула тургандыгын билдиришти. JICAнын өкүлдөрү кыргыз тарап менен биргелешкен ишти жана JICAнын Кыргызстандагы колдоо жана ишмердүүлүгүнүн бардык ишке ашырылып жаткан жана негизги багыттары боюнча тыгыз байланышты мындан ары улантуу ниетин билдиришти.