2021-жылы мыйзамсыз миграцияга байланышкан 74 кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы жана анын аймактык бөлүктөрү тарабынан ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында ушул жылы 74 кылмыштын бети ачылган.
Анын ичинен кармалган чет элдик жарандар: Өзбекстандын - 35, Тажикстандын - 33, Кытайдын - 2, Түркиянын - 2, Пакистандын - 2 жараны кармалган. ИИМдин аталган кызматы тарабынан ϴзбекстанда өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү боюнча эл аралык издөөдө жүргөн 48 жаштагы жаран Кара-Балта шаарынын аймагында изин жашырып жүргөн жеринен кармалган. Ал 1996-жылдан бери жасалма паспорт менен жашап жүргөн. 2021-жылдын жаз айында ϴзбекстанга экстрадицияланган.