Кечээ, 16-декабрда, кыргыз-тажик чек ара аймагында кыргызстандыктар менен тажик чек арачылары чырдаша кетип, асманга ок атылган. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жарандары Баткен районунун Көчө-Бою аймагында курулуш иштерин жүргүзүп баштаган. Ал жерге Тажикстандын чек арачылары келип, курулушту токтотууну талап кылышкан. Кайым айтышуу чырга айланып, тажик күч кызматкери "Макаров" үлгүсүндөгү тапанчадан төрт жолу асманга ок чыгарган. Эки өлкөнүн жергиликтүү чек ара кызматынын өкүлдөрү окуя боюнча жолугуп, сүйлөшүштү. Атайын кызмат кыргыз жарандары чек арага өтө жакын эмес, Көчө-Бою айылынын ичинде курулуш жүргүзгөнүн белгилеп, тажик тарап курал колдонгону туура эмес болгонун моюнга алганын билдирди.
Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлү чырга жол берген аскерге чара колдонулаарын маалымдаган. Эки тарап окуяны иликтеп, жыйынтыгы боюнча жолугушуу өткөрүүнү макулдашканы кабарланды. УКМК учурда чек арада абал тынч экенин билдирди.