Жаңылыктар
Садыр Жапаров кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышат

Президент Садыр Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын командасы бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышат.

Иш-чара Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган. Аталган турнирдин башкы максаттарынын бири өлкөдө спортту жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле сергек жашоо образына үндөө экени белгиленет.

Беттештерге Президенттин Администрациясынын, ата-мекендик футболдун ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышат.

Оюндар «Спорт» (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана соцтармактардын баракчаларында чагылдырылат.

Түз эфир башталышы - 13:45.