Жаңылыктар
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине киргизүү онлайн форматта каралат
Кыргызстан жаңылыктары
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ЮНЕСКОнун мурастар тизмесине киргизүү онлайн форматта каралат

Бүгүн, Кыргыз улуттук тарых музейинде “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты” номинациясында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргизүү онлайн форматта каралат. 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, 13-декабрдан 18не чейин ЮНЕСКОнун кеңсесинде Парижде онлайн форматта материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 16-сессиясы өтүүдө. “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты” тизмеси Кыргызстан тарабынан сунушталган биринчи номинация. Жалпысынан комитеттин жыйынында быйыл ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн 59 номинация каралып жатат, анын ичинде “Италияда трюфельдерди издөө жана казып алуу: салттуу билимдер жана тажрыйбалар”, “Голландиядагы гүлдөр жана мөмө-жемиштердин фестивалы”, “Таиланддын түштүгүндөгү Нора бий драмасы” жана башка номинациялар бар. Маалымат үчүн: 4 жылдык мөөнөткө шайланган ЮНЕСКОго мүчө-өлкөлөрдүн 24 өкүлү кирген материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитет жылына бир жолу чогулат. 

Номинацияларды ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү эл аралык деңгээлде материалдык эмес маданий мурастарды кеңири жайылтууга салым кошууну көздөйт. Учурда ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине дүйнөнүн булуң-бурчунан материалдык эмес маданий мурастын 601 элементи, анын ичинде “Манас” эпосунун үчилтиги, "Кыргыз ак калпагын - эркек баш кийимин жасоодогу салттуу устачылык" жана башкалар бар.