Жаңылыктар
Борбор калааны жасалгалоого мэриядан 5 млн 600 миң сом бөлүндү
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калааны жасалгалоого мэриядан 5 млн 600 миң сом бөлүндү

Жаңы жылдык башкы балаты 17-декабрда жандырылат.  Учурда балатыны жасалгалоо иштери аяктап, борбордук аянт инсталяциялар, кар бүртүкчө, шар жана чырактар менен кооздолууда. Белгилей кетсек, быйыл шаар ичин, анын ичинде башкы балатыны кооздоого мэриядан 5 млн 600 миң сом каралган. 

Борбордук аянттагы жасалгалоодо улуттук оймо-чиймелер, карды бириктирген майрамдык символдор колдонулууда. Быйыл балатынын чырактарын 17-декабрда жандыруу мерчемделип жатат.

Быйыл башкы балаты, борбордук аянт жана жалпы эле шаар ичин кооздоого мэриядан 5 млн 600 миң сом бөлүндү. Бул каражаттарга жаңы жасалагалар алынып, коздоо иштерин "Бишкек жарык" ишканасы жүргүзүүдө. Мекеме мурдагы кооздоочу материалдардын көбү жарактан чыгып, аларды колдонуу жетишсиз экенин билдирди.