Иш-чаранын максаты – энерго натыйжалуулукту жогорулатуу жана абаны булгап жаткан ышты азайтуу жаатында жеке үй ээлери кандай технологияларды колдонуп жатканын калкка жеткирүү.
Пресс-турга Бишкек шаарынын вице-мэри, шаардык кеңештин депутаттары, экология жаатындагы эксперттер жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Чогулган топ 5 объектиге барып, жашыл технология, заманбап курулуш материалдарды, кайра жаралуу булагын жана таза мештер колдонулганына күбө болушту. Мындай ыкмалар үй ээсине каражат үнөмдөшүнө алып келет жана бир нече жылдан кийин өзүн актайт. Көпчүлүк турак жайлар энерго натыйжалуулугу жок курулат, эксперттер тарабынан андай үйлөрдө жылуулуктун 60 пайызы жоготууга алып келээри аныкталган.