Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Махдум Шах Махмуд Куреши телефон аркылуу сүйлөшүштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан эки тараптуу мамилелерин кеңири талкуулап, кызматташууну саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдө, коопсуздук жаатында, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан башка чөйрөлөрдү өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.
Мындан тышкары, Афганистандагы учурдагы социалдык-экономикалык жана гуманитардык кырдаал боюнча пикир алмашышты. Министр афган элине ар тараптуу көмөк көрсөтүү маселеси абдан актуалдуу экендигин белгиледи. Гуманитардык каатчылыктын мындан ары да күч алышына жол бербөө үчүн бул мамлекеттин элине финансылык жана гуманитардык жардам көрсөтүү максатында Афган өкмөтү менен конструктивдүү байланыштарды түзүү зарыл экендигин белгиледи.
Өз кезегинде Пакистандын тышкы иштер министри гуманитардык жардам көрсөтүүдө жана Афганистанда тынчтык менен туруктуулукка жетишүүгө көмөктөшүүдө мусулман мамлекеттеринин ролун белгиледи. Буга байланыштуу ушул жылдын 19-декабрында Исламабад шаарында өтө турган Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз отуруму уюмдун мүчөлөрү үчүн маанилүү иште позитивдүү салым кошот деген ишеничин билдирди. Казакбаев Кыргызстандын Афганистандын бакыбаттыгына жана өнүгүүсүнө багытталган бардык эл аралык демилгелерди колдоого даяр экендигин билдирип, Афган жериндеги туруктуулук жалпы аймактын туруктуулугунун негизи экендигин белгиледи. Сүйлөшүүлөрдүн аягында тараптар ыңгайлуу убакта өз ара иш сапарларды өткөрүүгө чакыруулар менен алмашты.