Лейлек районундагы Катраң айыл аймагында Козу-Баглан дарыясынын жээгинде, ички инвестордун колдоосу менен 6 мегаваттуу кичи ГЭС курулууда. Жалпы сметалык баасы 7 миллион долларды түзөт.
Учурда биринчи этаптагы иштер 80 пайызга аяктады. Чакан ГЭС курулуп бүтсө айылдагы бир топ социалдык маселелер чечилип, айыл тургундары жаңы жумуш орундары менен камсыз болушат. Экинчи этабындагы иштер келерки жылы кыска убакытта бүткөрүлөөрү пландалууда.