Бишкек шаарындагы Рухий-Мурас калктуу конушу көгүлтүр от менен камсыз болду. Долбоор “Газпром Кыргызстан” компаниясы тарабынын жүзөгө ашты. Аталган конуш компания тарабынан жаратылыш газы жеткирилген 40-конуш болуп калды.
Экология жана электр энергия маселеси курч болуп турган мезгилде калкты көгүлтүр от менен камсыздоо учурдун талабы болуп турат. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын көмөгү менен дагы 5500 жаран жаратылыш газы менен камсыз болду. Көгүлтүр от “Рухий-Мурас” калктуу конушуна салтанаттуу берилип, тургундардын кубанычында чек жок.