Муктаждыгы бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын мектепке даярдоого мамлекет көмөктөшөт. Президент кол койгон “Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыктын негизинде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен биргеликте турмуштук оор кырдаалда калган үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоодо.
Борбор калаадагы №47 билим уясында жалпы 1 427 окуучу билим алат. Алардын арасында социалдык көйгөйү бар үй-бүлөлөрдүн балдары да бар. Атайын мектеп тарабынан 136 окуучуга социалдык паспорт ыйгарылган.