Жаңылыктар
Студенттер эми окуу төлөмүн өзүнө ыңгайлуу кылып төлөсө болот
Кыргызстан жаңылыктары
Студенттер эми окуу төлөмүн өзүнө ыңгайлуу кылып төлөсө болот

Өлкө аймагындагы жогорку окуу жайлардын студенттери мындан ары окуу төлөмүн ай сайын, өзүнө ыңгайлуу кылып төлөсө болот. Буга чейин студенттер 30-40 миң сомдук келишимди экиге бөлүп төлөм келишсе, эми Президент кол койгон жарлыкка ылайык, мындай эреже алынып салынды. Ага катар алдыдагы үч жыл аралыгында жогорку окуу жайларында окуу төлөмүн буга чейин белгиленген суммадан жогору көтөрүүгө тыюу салынды.

Жогорку окуу жайлардагы окуу контрактарын төлөө боюнча жаңы эрежелер азыркы учурда студенттердин арасында кызуу талкууланып жаткан маселелердин бири болууда. Сезимай Абдраева Кыргыз экономикалык университетинин 4-курсунун студенти. Айтымында, 40 миң сом контрактты экиге бөлүп төлөө чоң эле кыйынчылык жаратчу. Анткени ата энесине оорчулук жаратпайын деп каражатты өзү иштеп табууга аракет кылат.