Бишкек шаарындагы «Рухий-Мурас» калктуу конушу көгүлтүр от менен камсыз болду. 5500 жаран ишенимдүү жана экоголиялык жактан таза отунду колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Жаратылыш газын берүү иш чарасы салтанаттуу уюштурулуп, ага калаа мэри баш болгон жетекчилер катышты. Анда экология жана электр энергия маселеси курч турган мезгилде көгүлтүр отун тартуу учур талабы экени айтылды. Долбоор “Газпром Кыргызстан” компаниясы тарабынан жүзөгө ашты. Жалпы узундугу 26 чакырымды түзгөн үйлөрдүн короолору аркылуу жер алдындагы газ өткөргүчтөрү курулган. Ал эми конушту газ менен камсыздоо жумуштары үстүбүздөгү жылдын июнь айында башталган. Калктуу конуш 2005-жылы негизделген. Бүгүнкү саамалык тургундарга өзгөчө кубаныч тартуулады.
“Рухий Мурас" конушубузда 995 түтүн бар. Райондун аймагындагы 6 калктуу конуштун баары газ менен камсыз болгон. Бүгүнкү күндө газ чындыгында керек. Анткени шаарыбызда экология маселеси курч турат. Электр энергиясын үнөмдөө маселеси да курч турат. Газдын киргени элибизге кубаныч тартуулап жатат десем жаңылышпайм”,- деди Октябрь районунун администрациясынын башчысы Мирлан Эшкожоев.