Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратынын Федералдык Улуттук Кеңешинин иштери боюнча министри Абдулла бин Мухайр Аль Кетби менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, туризм, айыл чарба, энергетика жана финансы тармактарындагы кызматташуу маселелерин талкуулады.
Бириккен Араб Эмиратынын Федералдык Улуттук Кеңешинин иштери боюнча министри Абдулла бин Мухайр Аль Кетби келечектүү инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.