Ош облусунун Кара-Суу районунда айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
УКМК Нариман айыл аймагындагы жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүүнү тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизди. Мындан тышкары, аталган фактыга тиешеси бар башка адамдын жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында 1 миңден ашык жер тилкесине жеке менчик жөнүндө күбөлүктөрдүн жаңы бланкалары, паспорттордун көчүрмөлөрү, ар бир мыйзамсыз өзгөртүлгөн айыл чарба жерлеринин расмий жана азыркы ээлеринин тизмелери табылды.
Мурда аталган факты боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы, анын шериги, ошондой эле Кара-Суу районунун "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчилери кармалган.