Жаңылыктар
"Улуу көчмөндөрдүн мурасы" Улуттук холдинг компаниясы ачык акционердик коому түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
"Улуу көчмөндөрдүн мурасы" Улуттук холдинг компаниясы ачык акционердик коому түзүлдү

Уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" Улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коому түзүлдү. 

Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Чечим Президенттин "Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында кабыл алынды. "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" Улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомун түзүүнүн негизги максаты эл аралык тажрыйбаны пайдалануу менен жер казнасын пайдалануу жана ага байланыштуу экономикалык тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды максималдуу топтоштурууга жөндөмдүү ири интеграцияланган структураны түзүү болуп саналат. 

"Улуу көчмөндөрдүн мурасы" Улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 100 млн сом өлчөмүндө белгиленген. Келерки жылы бул сумма 1 млрд сомго чейин жеткирилет.