Бишкек мэриясы жаңы жылдык кооздоого жарыяланган тендер боюнча түшүндүрмө таратты. Мэрия "Бишкексвет" жарыялаган 5 млн 687 миң сом тендер 25 метрлик балатыдан сырткары "Ала-Тоо" аянттын кооздоого сарпталуучу каражат экенин белгилейт.
Мекеме былтыр сатып алынган кооздоочу материалдарды колдонуу жетишсиз экенин билдирди. Жакынкы күндөрү шаардын борбордук көчөлөрүн жасалгалоо башталат. Мэрия сарпталган каражаттарды көзөмөлдөө үчүн жарандык активисттерди жана блогерлерди шаардык штабга чакырат.
Борбордук аянттагы жасалгаларга улуттук оймо-чиймелер жана карды бириктирген майрамдык символдор колдонулат. "Ала-Тоо" аянтына бийиктиги 25 метр балаты орнотулат. Адатта Бишкекте майрамдык жасалга Жаңы жылга эки апта калганда аяктап, балатынын чырактары жандырылат.