Жаңылыктар
Кыргызстанда коронавирус 36 адамдан аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда коронавирус 36 адамдан аныкталды

Кыргызстанда коронавирус дагы 36 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 19, Чүй облусунда - 11, Ош облусунда - 3, Ысык-Көлдө - 3 адамдан илдет жаңы табылды. 

Ал эми бир суткада 40 адам илдеттен сакайып чыкты, каза болгондор катталган жок. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 321 бейтап, амбулатордук түрдө 367 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 27 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 80 киши айыгып чыкса, 2 миң 773 адам каза болду.