Жаңылыктар
ИИМ: Кара-Суу шаарында куралдуу каракчылыкка шектүүлөр кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Кара-Суу шаарында куралдуу каракчылыкка шектүүлөр кармалды

Ош облусунун Кара-Суу шаарында куралдуу каракчылыкка шектелип мурда соттолгон жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 13-декабрда саат ондор чамасында “102” кызматына Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө куралдуу тоноо болуп жатканы боюнча жарандардан телефон аркылуу маалымат келип түшкөн. Куралдуу тоноочулук учурунда “Дэу-Лачетти” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Бул боюнча Кара-Суу районунун Савай айылынын 39 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда Кара-Суу шаарынын Навои көчөсүндө өзүнүн "Мерседес-Бенц Спринтер" унаасында отурган учурда ага бейтааныш эки жаран колундагы тапанчалары менен көкүрөгүнө такап, унаасын айдап качууга аракет кылышкандыгын билдирген. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө өздүгү такталбаган 20-25 жаштардагы адамдардын тобу тарабынан ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактап, алып жүрүшкөндүктөрү аныкталган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүүлөр мурда адам өлтүрүү, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо боюнча эки жолу соттолгон Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 32 жаштагы тургуну жана бир жолу диний-экстремизм боюнча соттолгон Ош шаарынын 48 жаштагы тургуну экени аныкталган. Үчүнчүсү мурда уурулук фактысы боюнча соттолгон Россиянын Казань шаарынын 46 жаштагы жашоочу болуп чыккан.