Аксы районунда туристтик аймак катары белгилүү болгон Кашка-Суу айыл аймагында элди таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашты.
3 чакырымга жакын аралыкка суу түтүгү тартылып, Жайык айылындагы 40 кожолуктун короосуна чейин киргизилди. Таза сууну чыгарууга айыл өкмөт тарабынан 210 миң сом каралып, элдин салымы 300 миң сом болгон. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, Жайык айылы тоолуу аймак болгондуктан жаан-чачын көп болот. Ал мезгилде жашоочуларга таза суу ичүүдө кыйынчылык жаралат. Булганган сай суусун тундуруп ичүүгө туура келет. Азыр эми ал көйгөй чечилип, тазалоо жайы курулат.
“Жайык айылынын эли таза суудан кыйналып келишкен, жамгыр учурда суу ылайланып турчу. Эми кайсы учур болбосун таза суу берилет. Бул аймакка турист көп келгендиктен, коноктор тарабынан да көйгөй айтылып келчү. Элге, турситтерге шарт түзөлү деп суу чыгардык”,- деди Кашка-Суу айыл аймагынын башчысы Шекербек Камчыбек уулу.
“Бизге туристтер көп келет. Ошол учурда аларды таза суу менен камсыздоодо маселе бар болчу. Сай суусунан ташып келип берчүбүз. Азыр эми корообуздан чыгып калды. Таза сууну эс алуу жайларыбызга тартып жатабыз”,- деп билдирди Жайык айылынын тургуну Гүлмира Кудайбердиева.