Өлкөдө көмүрдүн чекене баасы арзандады. Кара алтындын наркы ноябрь айына салыштырмалуу 6 пайызга түшүп, орточо эсеп менен тоннасы 5 миң 342 сомдон сатылууда.
Көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында баалар мамлекеттик көзөмөлгө алынган. Ошондой эле, өлкөдө тоннасы үч миң сомдон арзан көмүр сатуу уланууда жана Бишкек шаары боюнча үч кампа иштеп жатат.