Жаңылыктар
ИИМ: Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 7-июль күнү Ысык-Ата РИИБине Новопокровка айылынын 39 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, чала тааныш эркек киши анын курулуш шайманын 40 миң сомго ижарага алып, 20 миң сомун берип, калганын төлөбөй жана шайманын кайтарып бербей качып жүргөнүн билдирген. 

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине "Алдамчылык" беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.