Бишкекте өткөн "Бахус" рейдинин жүрүшүндө эки күндө 54 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы учурларда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары көп катталып, ар кандай жаракаттарды алууда. Көпчүлүк учурда жол кырсыктары айдоочулардын жол эрежелерин так сактабагандыгынан улам болууда. Ушуга байланыштуу кайгуул кызматкерлери "Бахус" аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүп, 1 миң 766 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады.
Алардын ичинен 54 айдоочу мас абалында унаа башкарган. 8 айдоочу унааларынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып алса, 32 киши керектүү документтери жок унаа айдаган.