Жаңылыктар
Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери "Укук тартиби" аталган рейд өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери  "Укук тартиби" аталган рейд өткөрдү

Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "Укук тартиби" аталышындагы рейд болду. Маалыматка ылайык, Кемин РИИБнин кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 

Андан сырткары, унаа уурулуктарынын алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, эски буюмдарды жана темир-тезектерди сатып алуучу, кайра өткөрүүчү жайлардын ээлери менен биргеликте уурулук кылмыштарынын алдын алуу боюнча жумуштар өткөрүлдү. Буга чейин тартип бузуп, ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан каттоого алынган 20 жаран менен жолугушуу болуп профилактикалык иштер, андан сырткары буга чейин жаза өтөп боштондукка чыккан 10 жаран менен тиешелүү иштер жүргүзүлдү. 

Район аймагында жаштар чогулуучу жайларда текшерүүлөр болуп, 30дан ашуун ок атуучу куралдын ээлери менен курал-жарактарды сактоонун эрежелери түшүндүрүлдү. Иш-чара учурунда уурулукка байланыштуу эки кылмыш ишинин бети ачылып, өспүрүм балдар менен 10дон ашуун алдын алуу жана түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.