Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Дубайдагы "EXPO 2020" көргөзмөсүнүн алкагындагы иш-чараларга катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Дубайдагы "EXPO 2020" көргөзмөсүнүн алкагындагы иш-чараларга катышат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына жумуш сапары менен барат. Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөт. 

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Дубай шаарындагы "EXPO 2020" көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышып, Дубай шаарындагы "Dubai Smart City" жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген технологиялык экошаардын долбоору саналган Абу-Даби шаарындагы "Masdar City" менен таанышат. 

Жапаровдун жумуш сапарынын алкагында "Кыргызстан - Бириккен Араб Эмираты - 2021" туристтик роуд-шоу, бизнес-форуму өтөт, анын жүрүшүндө B2B форматындагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлмөкчү. Эске салсак, эл аралык көргөзмөлөрдүн бюросунда 2020-жылы Дубайда дүйнөлүк көргөзмө өткөрүү каралган. Пандемиядан улам, ал 2021-жылга жылдырылган.